«Бир дүйнө... бизде башка дүйнө жок, болбойт дагы» В. Гавел KG  RU  EN
Фестиваль КРнын билим министрлиги менен кызматташуу тууралуу меморандум бекитти
Фестиваль КРнын билим министрлиги  менен кызматташуу тууралуу меморандум бекитти«Бир Дүйнө» фестивалы КРнын билим, илим маданияты жана маалымат министрлиги менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Мунун негизинде мындан ары Кыргызстандын мугалимдери фестивалды уюштуруу комитетинин курамына кирип, ЖОЖдордо жана орто мектептерде көрсөтүүлөрдү уюштуруу иштерине катышышат.
Толук   

Фестиваль: Ош шаарында
Фестиваль:  Ош шаарында25, 27-октябрда Ош шаарында «Бир дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын IV эл аралык фестивалы болуп өттү.
Ош шаарындагы укуктук тасмалар майрамынын алгачкы күнү Ош мамлекеттик университетинин чоң залында уюштурулуп, көрүүчүлөрдүн саны 450гө жетти.
Толук   

Фестиваль: Исфана жана Баткен шаарларында
Фестиваль:  Исфана жана Баткен шаарларында19-октябрда Исфана шаарынын маданият үйүндө «Бир Дүйнө Кыргызстан» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын IV эл аралык фестивалынын кезектеги туру болуп өттү. 21-октябрда фестиваль өзүнүн турун Баткен шаарында улантты. Фестивалдын тасмалары Баткен жергесинин студенттерине, окуучуларына көрсөтүлдү.
Толук   

Фестиваль: Талас шаарында
Фестиваль: Талас шаарында 12-октябрда Талас шаарынын «Кырк Чоро» кинотеатрында “Бир Дүйнө Кыргызстан”адам укуктары даректүү тасмалардын кезектеги туру башталды. Бул жылы фестиваль Талас шаарында биринчи жолу уюштурулган. Жарандардын укуктук аң-сезимин көтөрүүнү максат кылган адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын Талас жергесиндеги бул майрамынын алгачкы...
Толук   

Фестиваль Тажикстанда
Фестиваль Тажикстанда7, 9-октябрда Тажик жергесиндет “Бир Дүйнө Кыргызстан” адам укуктары боюнча даректүү тасмаларынын IV эл аралык фестивалы кезектеги турун баштады. Бул жылы фестиваль Тажик жергесинин Худжанд, Чкаловск жана Табошар аттуу үч шаарында өткөрүлүп, «СОГД» билим берүү жана маданият программасынын борбору жергиликтүү өнөктөштөрүнүн колдоосунда уюштурулган.
Толук   

Фестиваль: Нарын шаарында
Фестиваль: Нарын шаарында1-октябрдан 4-октябрга чейин фестиваль Нарын жергесинин Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда өз турун улантуусу пландаштырылган. 1-октябрь күнү нарын шаарындагы жаштар уясы катары саналган «Соң Көл» театрында фестивалдын алгачкы көрсөтүүлөрү пландаштырылган, бирок тилекке каршы улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин киришүүсү менен биричи күнкү көрсөтүүлөр үзгүлтүккө учуратылды.
Толук   

Фестиваль: Каракол шаарында
Фестиваль: Каракол шаарында28, 30-сентябрь күндөрү «Бир Дүйнө Кыргызстан-2010» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Каракол шаарынын Иссык-Көл областык драма театрында болуп өттү. Жергиликтүү өнөктөш Камиль Рузиевдин активдүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында фестивалдын көрүүчүлөрү катары фестивалдын ачылышына орто мектептердин окуучулары
Толук   

Фестиваль Бишкек шаарында
Фестиваль Бишкек шаарында«Бир Дүйнө Кыргызстан - 2010» адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын IV эл аралык фестивалынын атайын ачылышы 2010-жылдын 21-сентябрынан баштап, Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан Тарых музейинин чоң залында болуп өттү. Фестивалдын алкагында эл аралык жана улуттук конкурс каралып, бул эки конкурстун талабы боюнча тасмалар тартууланды.
Толук   

Пресс Релиз
Пресс Релиз
«Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борбору эл аралык өнөктөштөрдүн уюштуруучулук жана финансылык колдоосунда «Бир дүйнө Кыргызстан – 2010» IV адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалын тартуулайт. Фестиваль үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан 27-октябрына чейин өткөрөт.
Толук   

Локарнодогу эл аралык кино фестивал (ЭКФ) көңүлдө – Борбордук Азия
Локарнодогу эл аралык кино фестивал (ЭКФ) көңүлдө – Борбордук АзияКыргыз киномотографисттеринин чоң делегациясы Европадагы беш эң алдыңкы фестивалдардын (катарлаш Канн, Берлинал, Роттердам жана Венеция) бири болуп саналган жана киномотографиядагы жаңы тенденциянын башатынын саамалыгы болгон Локарно эл аралык кинофествалына (4-14-августь, 2010, Швецария) чакыруу алды
Толук   



Все права защищены (с) 2010
При копировании материалов сайта - ссылка на источник обязательна